КР илимине эмгек сиңирген ишмер Аскар Турсунов дүйнө салды
Филология илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер Аскар Турсунов кечээ, 23-августта 90 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.
Аскар Турсунов 1928-жылы 10-январда Чүй районундагы Кегети кыштагында туулган. 1947-жылы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтунун Кыргыз тили жана адабияты факультетин бүтүргөн.
Аскар Турсунов эмгек жолун 1947-жылы Ош мугалимдер институтунда окутуучу катары баштап, кийин факультет деканы, директордун орун басары, кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы болуп эмгектенген.
1978-1986-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку жана атайын орто билим берүү министри кызматын аркалап, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин 10-11- чакырылышынын депутаты да болуп шайланган. 1987-жылдан баштап Улуттук илимдер академиясынын Тил илими институтунда бөлүм башчы болуп иштеген.
А.Турсунов илимий-изилдөө ишиндеги жана коомдук иштеги жетишкен ийгиликтери үчүн Кыргыз Республикасынын эки Грамотасы, Ардак Грамотасы менен, “За доблестный труд” медалы, “Ардак Белгиси” ордени менен сыйланган.
April.kg жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө, туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: